www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тартип сакчылары өлкө боюнча Нооруз майрамына карата өтө турган маданий-массалык иш-чараларда элдин коопсуздугун камсыз кылат.

"Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Майрамдык иш-чаралар өткөн күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту республикада 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат", — деп билдирди ИИМ.

Эске салсак, Бишкектин айрым көчөлөрү Ноорузга карата 18-марттан 23-мартка чейин жабылары айтылган. Бул күндөрү төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилген:

Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;

Раззаков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү;

Орозбеков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости