www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда президенттик шайлоого аттанган азыркы президент, демократ Жо Байден да, мурдагы президент, республикачы Дональд Трамп да өз партияларында өткөн ички съезддерде тийиштүү колдоого ээ боло алышты. Партиянын атынан шайлоого катыша турган талапкерди тандоо боюнча баштапкы добуш берүү (праймериз) 19-мартта бир нече штатта өттү.

Экөө тең Канзас, Огайо, Аризона жана Иллинойс штаттарында өткөн партиялык праймериздерди жеңишти.

Флорида штатында Трамп партиялаштарынын көпчүлүк добушун алды, Байден добуш берүүсүз жеңүүчү деп табылды, анткени демократ партиялаштары ага штаттагы делегаттардын баарынын добушун праймериз өткөрбөстөн берүүнү чечишкен.

Трамп да, Байден да шайлоо өнөктүгүндө Ак үйдөгү жетишкендиктерине таянып, бирин бири АКШ үчүн коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

77 жаштагы Трамп 81 жаштагы Байденди акыл-эсинин тунуктугу жагынан президенттик кызматка дал келбей тургандыгын айтса, Байден Трампты демократия үчүн коркунуч деп атоодо.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өткөнү жатат. Адатта бул кызматка Демократтар партиясы өзүнүн, Республикачылар партиясы өзүнүн талапкерин тандап, алып чыгат. Бул жолу Байдендин жана Трамптын талапкерлиги көрсөтүлөрү болжолдонууда. Алардан тышкары шайлоого катышарын АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин тууганы Роберт Фрэнсис Кеннеди, Жашылдар партиясынан Жилл Стайн, философ Корнэлл Уэст да билдиришкен. Өз талапкерин Либертариан партиясы да көрсөтөрү маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости