www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясына 102 кызматтык автоунаа тапшырылды

Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегия өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында ички иштер органдарынын негизги багыттары боюнча аткарылган иштер талданып, жетишкендиктер жана көйгөйлөр, ошондой эле ишти мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар каралууда.

Коллегиянын алдында милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул унаалар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү, окуя болгон жерге тез жетүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында берилди.

Автоунааларды тапшыруу Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгынын алдында өткөрүлдү.

Последние новости