www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында шаардын четки аймактарында жашаган окуучуларды мектептерге ташуу үчүн 20га жакын мектеп автобусу сатылып алынууда. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземинде билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, четки аймактардын тургундары үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири — балдардын мектепке чейинки жолу болуп саналат.

«Биз ар бир бала коопсуз шаарда жашашы, ал эми ата-энелер баласынын мектепке болгон жолу үчүн сарсанаа болбошу үчүн окуучуларды мектеп автобустары ташышын каалайбыз», — деди Жанарбек Акаев.

Мэр ошондой эле учурда Ошто бир эле учурда мамлекеттик да, жеке да болуп 25 мектептин курулушу жүрүп жатканын кабарлады. Муну менен бирге ал жаңы имараттар өзүнөн өзү билим берүүнүн жогорку сапатына кепилдик бере албастыгын, ошондуктан мугалимдер менен иштешүү андан ары улантыларын баса белгиледи.

Последние новости