www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз петролеум компани» жабык акционердик коомдун капиталдык курулушуна өлчөмү 9 га жер тилкесин мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүүнү караган министрлер кабинетинин токтомунун долбооруна тийиштүү министрлер кабинети төмөнкүнү билдирет. 

Бул жер тилкеси мамлекеттин менчигиндеги обьект болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагында турат.

Өлчөмү 9 га жер участкасын мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү каралып жаткан “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун туунду компаниясы болуп саналат, андагы мамлекеттин үлүшү 85% түзөт. 

Бүгүнкү күндө “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому жана “Элдик” мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер тилкесине мөөнөтү 10 жылга узак мөөнөттүү ижара келишими түзүлгөн.

Белгилей кетсек, өлчөмү 9 га жер участкасын 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүдө мамлекет аталган жер тилкесине менчик укугун жоготпойт.

Аталган жер тилкеси «Кыргыз петролеум компани» жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат. Өндүрүштү модернизациялоо Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бекитилген 2026-жылдарга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын 56-пунктунда каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости