www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө орус лидери Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн эл аралык укуктук нормаларга кайдыгер мамиле кылган фактыларын атап берди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

«Атап айтканда, Украинанын коопсуздук күчтөрү тарабынан эл аралык гуманитардык укуктук нормаларды одоно бузуунун көптөгөн фактылары катталды: нааразы болгондорду сотсуз өлүм жазасына тартуу, баарымтага алуу жана карапайым адамдарды тирүү калкан катары колдонуу, турак жайларга, ооруканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын жанына оор куралдарды коюу», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары улутчул батальондордун жоочулары “калкты сактап калуу боюнча операцияларды үзгүлтүккө учуратышып, эвакуациялоого аракет кылганда карапайым калкты коркутуп жатышат”, - деп билдирген Орусиянын лидери.

Ошондой эле, Путин бул нерселерди токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр улана турганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости