www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна кызматтык унаалар тапшырылды. Иш-чарага Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева катышты.

Акыйкатчынын жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында Институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 9 миллион сом бөлүнгөн. Аталган каражатка Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык унаа сатып алынып, бүгүн Акыйкатчыга расмий түрдө тапшырылды.

Кызматтык унаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчынын аймактык өкүлдөрүнө бөлүштүрүлөт.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева бул кадам жарандардын укук жана эркиндиктерин коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи.

«Бул борбордук аппараттын да, аймактык өкүлчүлүктөрдүн да ишин бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам. Мунун аркасында жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип, алыскы аймактарга көбүрөөк чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Акыйкатчынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишин күчөтүү максатында материалдык-техникалык база жаңыланып, кеңселер оңдолуп, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу иштери жүргүзүлүп келет.

Последние новости