www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы-жыл майрамына карата ар кандай курактагы жарандардын кафе-ресторандарда, коомдук жайларда жана жаратылыш койнунда муз тээп эс алуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Мындан улам Ош облусунун ички иштер башкармалыгы кылмыштуулуктун, укук бузуунун алдын алуу, катаал абар ырайы учурунда жол кыймылынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жаштар арасында топтошуп мушташуунун алдын алуу максатында түнкү рейддерди күчөттү.
Анда кызматкерлер күндүзгү жана түнкү багыттар боюнча кайгуулдарды уюштуруп, айдоочуларга жол эрежесин так сактоону эскертишип, ата-энесинин коштоосу жок, өз алдынча топтошуп жүргөн балдарды, коомдук жайда спирт ичимдигин ичип жүргөндөрдү, мас абалда автоунаа башкаргандарды жана эс алуучу жайларда коомдун тычнтыгын бузган жат көрүнүштөрдү аныктап, аларга карата мыйзамдуу чараларды колдонуу боюнча иш алып барышууда.
Иш-чаранын максаты- коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуунун жана кылмыштулуктун алдын алуу болуп эсептелет.