www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-июнунда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев №172 «Арген» бала бакчасына барып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев оңдоп-түзөө иштеринин натыйжаларын көрүп чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттарга баа берди.
Бала бакчасындагы капиталдык оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлгөн:
Биринчи этаптагы иштер 2025-жылы аяктап, имараттын ички бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү камтыган. Анын алкагында ашкана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы ашкана жабдуулары сатылып алынган. Ошондой эле пол жабуулары алмаштырылып, канализация системасы жана сантехникалык жабдуулар жаңыланган. Мындан тышкары, музыкалык зал үчүн заманбап жабдуулар алынган.
Экинчи этап 2026-жылы аяктап, балдар бакчасынын аймагын комплекстүү көрктөндүрүү жана жаңылоо иштерин камтыган. Анын алкагында заманбап балдар аянтчалары курулуп, аймак көрктөндүрүлгөн, мекеменин айланасына жаңы тосмолор орнотулган, автоматтык сугаруу системасы ишке киргизилген, брусчатка төшөлгөн, балдар үчүн жайкы бастырма курулган жана футбол аянтчасы жабдылган.
Долбоорду ишке ашырууда балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулган. Балдар аянтчалары атайын резина жабуусу менен жабдылып, бул балдардын активдүү оюн учурунда жаракат алуу коркунучун азайтат.
№172 балдар бакчасы 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Учурда мекемеде 11 тайпа иштеп, анда 300дөн ашуун бала тарбияланууда. Капиталдык оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү жана түзүлгөн заманбап шарттардын натыйжасында тарбиялануучулардын саны кыйла көбөйгөнү байкалууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы социалдык объектилерди өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иштерди мындан ары да улантып, балдардын билим алуусу, тарбияланышы жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.