www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” иши боюнча сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда улантылды. Иш жабык режимде каралууда, анткени материалдарга “купуя” гриф коюлган.
Айыпталуучулардын арасында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев бар. Сотто айыптоо актысы окулуп, жактоочуларга иш менен таанышууга 4-июнга чейин убакыт берилди.
Иш боюнча жалпы 8 адамга “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “бийликти күч менен басып алуу” сыяктуу оор беренелер коюлган. Алардын бир бөлүгү камакта, бир бөлүгү эч жакка кетпөө тилкаты менен эркиндикте жүрөт.
Иш 9-февралдагы 75 коомдук ишмер президенттик шайлоону эрте өткөрүү боюнча кайрылуу жолдогон окуядан кийин козголгон. Андан кийин саясий резонанс жаралып, бир катар кызматтык жана саясий өзгөрүүлөр болгон.
Соттук териштирүү азырынча жабык өтүп, кийинки этаптарда иштин материалдары менен таанышуу уланат.