www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-майда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыргыз Республикасынын Президенти болду.
Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева мыйзам долбоору референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Анын айтымында, сөз болуп жаткан Конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынып, 2021-жылдын 5-майында Президент тарабынан кол коюлган.
Мындан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору да экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды.
Анын маалыматына ылайык, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган. Документтин негизги максаты камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун күчөтүү жана жарандардын социалдык корголушун камсыз кылуу болуп саналат.
Ошондой эле мыйзам камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөп берүүгө багытталганы белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.