www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакын арада Орусия президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жаңы жолугушуусу күтүлбөйт.
Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн лидерлери акыркы күндөрү эле жолугушкан.
Ошондой эле Орусиянын вице-премьери Алексей Оверчук Армения Евразия экономикалык биримдигинин Астанада өтө турган саммитине жумушчу деңгээлде катышарын айтты.
Ал кошумчалагандай, Астанада Владимир Путин менен Армениянын вице-премьери Мгер Григоряндын өзүнчө жолугушуусу да пландалган эмес.