www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 3-февралында көрүнүктүү юрист, мамлекеттик жана коомдук ишмер, жоопкерчилиги жана ар-намысы жогору инсан Базаркулов Камельдин Кушубекович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Камельдин Кушубекович 1957-жылы Талас районунун Көпрө-Базар айылында туулган. Ал сүйүктүү жолдош, төрт баланын атасы болгон. 1978–1983-жылдары Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктап, кесиптик ишмердүүлүгүн жумушчу кесиптен баштап, тергөөчү, сот тутумунун ар кандай кызматтары аркылуу Жогорку соттун судьясы жана Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары кызматтарына чейин жеткен.
Ал ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдө жооптуу кызматтарды аркалап, «Түндүкэлектро» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун юридикалык бөлүмүнүн кеңешчиси жана жетекчиси, Судьялар ассоциациясынын Башкармалыгынын мүчөсү болуп эмгектенген.
Камельдин Кушубекович өлкөнүн укуктук тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон, анын ичинде «Ички иштер министрлигинде мыкты кызмат өтөгөнү үчүн» төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары берилген.
Анын кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу жана мыйзамга берилгендиги көптөгөн кесиптештеринин жана жарандардын жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат.