www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады. Бул тууралуу "Жашыл станциялар" ассоциациясынын башчысы Кундус Кырбашева социалдык баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда шамалдан энергия өндүргөн бир мунара иштеп жатат. Ал 7 мегаваттык кубаттуулук берүүдө жана жакын арада мындай мунарадан 24 даана орнотулат.
Балыкчыда курулган шамал электр станциясы 100 мегаваттык кубаттуулукка эсептелген. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 250 миллион киловатт-саатка жетет. Ал жергиликтүү компания тарабынан курулду. Станция Ысык-Көл облусун электр энергиясы менен камсыздайт жана CASA-1000 долбоору аркылуу тышка да экспорттой алат.
Булак: «sputnik.kg»