www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы “Танк биатлону” эл аралык мелдешине катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун 73809 аскер бөлүгүнүн базасында КР Куралдуу күчтөрүнүн экипаждарынын «АрМИ-2022» алкагында өтүүчү «Танк биатлону-2022» эл аралык мелдешине катышууга даярдыгы каралган. Мелдеш Россиянын “Алабино” полигонунда үстүбүздөгү жылдын 13-августунан 27-августуна чейин өтмөкчү.

Белгиленгендей, турнирде Кыргызстандын намысын аскер бөлүктөрдүн такай жайгашкан пункттарында алдын ала тандоодон өткөн жана 20636 аскер бөлүгүнүн окуу борборундагы “Эң мыкты танк экипаж” мелдешинин жыйынтыгы боюнча мыкты деп таанылган 4 экипаж коргойт.

Эскерте кетсек, 2021-жылда КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрүн озуп, өз тобунда биринчиликти ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости