www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен: Тойдо уулангандардын саны 89 адамга жетти

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы тойдо уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"31-июль күнү Кадамжай районундагы ооруканага тамакка ууланган белгилер байкалган адамдар кайрыла баштаган. Алардын дене табы көтөрүлүп, алсырап, ичи өткөн. 1-август саат 11:00гө карата уулангандардын саны 89 адамга жетти. Алардын арасынан 16 адам ооруканага түшкөн. Эки бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, биринчи медициналык жардамдан соң абалы жакшырган", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, тойдо салаттын үч түрү, ысык тамак жана эт берилген.

"Салат менен этти тойдун уюштуруучулары үйдөн бышырып, анан кафеге алып келген. Кафеде ысык тамактар гана даярдалган. Кафе 31-июлда иштеген эмес. 1-августта текшерүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аштын калдыктары лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөн", — деп айтылат билдирмеде.

Кафе ээлерине мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынары айтылды. Ошондой эле ишин убактылуу токтотуу боюнча эскертүү берилген.

Эске салсак, кечээ, 31-июлда, Баткенде эл массалык түрдө ууланганы кабарланган. 250 киши конок болгон үлпөт той Кадамжай районундагы "Алмаз" кафесинде өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости