www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ кааласа өз көңүлүн Украинадагы жаңжалдан Тайвандын тегерегиндеги окуяларга буруп кое алат. Бул тууралуу атын атагысы келбеген европалык дипломатка шилтеме берип Politico гезити жазды.

"Эгер Украинадагы сценарий пайдасыз жагына кетип бара жатса, Америка көңүлдү Тайвань тарапка буруп коет. Анткени аларга баары бир. Өзгөчө Тайвандагы кырдаал НАТОну эч тынчсыздандырбайт. Бирок Украина үчүн бул нерсенин пайдасы жок", — деп жазылат макалада.

Автор белгилегендей, аралдын айынан АКШ менен Кытайдын "кайым айтышы" тез эле күчөп кетиши мүмкүн. Андыктан европалык мамлекеттер кырдаалга кылдаттык менен көз салып турат.

АКШ — Кытай мамилесинде Тайвань темасы Украинадагы кырдаалдын фонунда өзгөчө мааниге ээ болду. Пекин Кошмо Штаттардан өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылууда. БУУ Кытайдын бир бөлүгү катары тааныган Тайбэй менен расмий түрдө дипломатиялык алакасы жок болсо дагы Вашингтон арал менен байланышып, ал тургай байма-бай курал жеткирип турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости