www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз танкисттери «Танк биатлону-2022» эл аралык сынагына даярданууну баштады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы «Алабино» тактикалык-окуу комплексине келди.

“Учурда танк экипаждары сооттехникасын кабыл алып, бир сыйра жүргүзүп байкоо жана анын куралдарынан текшерип атууларды аткарышты, ошондой эле алдыдагы мелдешүүнүн маршрутунун жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, былтыркы оюндардын жыйынтыгы боюнча 1-дивизиондун катарына кирген кыргызстандык танкисттерди быйылкы жылы Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кытай жана Россиянын күчтүү командалары менен атаандаштык күтөт.

Эл аралык «Танк биатлону-2022» сынагы 2022-жылдын 13-августунан 27-августуна чейин болуп, анда Европа, Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн 22 командасы катышат. Сынак жеке жарыш, жарым финал жана “Эстафета” финалдык этаптарынан турат.

Турнирдин катышуучуларынын жарыш талаасында туура багыт алуу, танкты башкаруу, окту таамай атуу жана ок атууну башкаруу боюнча жөндөмдүүлүктөрү бааланат.

Эскерте кетсек, 1-август күн кыргыз танкисттери "Танк биатлону-2022" мелдешине катышуу үчүн Орусияга жөнөп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости