www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пенза шаарынын райондук соту англис тили мугалими Ирина Генди сабактардын биринде согушка каршы сүйлөгөнү сөзү үчүн шарттуу түрдө 5 жылга эркинен ажыратты, – деп жазат Mediazona.

Ал орус армиясы тууралуу саясий мотив менен фейк маалыматтарды тараткан деген айып боюнча күнөөлүү деп табылды. Ирина Генге үч жыл мугалим болуп иштөөгө тыюу салынган.

Соттун маалыматына ылайык, мугалим президентти жаман көрөрүн айтып, армия тууралуу “жалган маалымат” тараткан. Ошондой эле, орус аскерлери Украинанын Мариуполь шаарындагы төрөт үйүн аткылап, Украинанын өкмөтүн кулатууну каалаганын айткан. 

Мугалим март айында 8-класстын окуучуларына Чехиядагы мелдештерге эмне үчүн бара албай тургандыктарын түшүндүрүп, согушка каршы пикирин айткан. 

Окуучулардын бири анын сөздөрүн диктофонго жаздырып, аны укук коргоо органдарына берген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Согуш ушул көнгө чейин уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости