www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар дайым кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
“Чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей келет. Буга чейинки бийлик эч кандай аракет жасаган эмес. Өткөн жылдан тарта президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүүгө олуттуу чараларды көрүп жатабыз. Биз өзүбүз жашап жаткан аймактын чегиндеги мыйзамдын негизинде иш алып баруу ниетиндебиз. Биздин башка өлкөнүн аймагына кирүү максатыбыз жок жана болбойт дагы”, - деди УКМКнын башчысы.
Булак: NazarNews.kg