www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров УКМКнын чек ара кызматына техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчы өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгиледи.

"Биз эч качан биринчилерден болуп башка бирөөлөргө катылбайбыз. Бирок катылгандын катыгын берип келген Манас атабыздын урпактары катары духу күчтүү чек арачыларыбыз берген антына бекем туруп, кынтыксыз кызмат өтөп жаткандыгында эч кимдин шеги жок. Ошентсе дагы бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, бүгүн келген "Тигр" үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынып жатканын кошумчалады.

Мунун баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынып жатканын эске салды.

"Буга чейин жалаң гана гранттардын эсебинен жардам катары эски аскердик техникалар келип турган. Мындан ары заманбап, жаңы техникаларды өз акчабызга сатып алып турабыз", — деди президент.

Мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатындагы иштер да уланарын убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости