www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек аарсындагы ок атышуу болгон жерде жайкын тургундар жок. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев“Азаттык” радиосуна билдирди.
Акимдин айтымында, окуя болгон аймакта эки тараптын чек ара кызматынын аймактык жетекчилери жолугушуп, абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Булак-Башы жерлигинде учурда Кыргызстан тараптан жайкын тургундар жок, малчылар да ок атышуу болгон жерден алыс. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жайкын тургундар үчүн кооптулук жаралуусунун алдын алып, абалды көзөмөлдөп турушат.
Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин саат 14:00гө берген маалыматка караганда атышуу уланууда. Мамлекеттик кызмат тажик чек арачылары аскердик оор техникаларды тартканын маалымдады.
Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн билдирген. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын билдирди.
Баштапкы маалымат боюнча, кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.
Булак: NazarNews.kg