www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда ок атышуу уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мекеме тажик тараптын чек ара сызыгына аскердик оор техниканы жайгаштырганын айтууда.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.

Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномет колдонгону айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости