www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатат жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирген. Баткен облустук администрация соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

"Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, төрт жоокер жарадар болду. Райондун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен бирге чек арада жүрөт. Ал эми жалпы кырдаалды Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда",-деп айтылат маалыматта.

Тажикстан бул тууралуу комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости