www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тараптын кыргыз айылдарын аткылоосунан жергиликтүү тургундар баш калкалоо үчүн тоо тарапка качууга аргасыз болууда.

Видеодо көрүнүп тургандай, тургундар айылдардан чыгып кетүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда таңкы саат 06:00дө тажик тарап оор курал колдонуу менен кайрадан Кыргызстандын чек ара бекеттерин көздөй ок та баштаган.

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.

Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости