www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек арада провокациялардын көбөйүп баратканын, Тажикстандын чек ара аскерлигинин аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар тарабынан куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын белгилейт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат.
Мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Ошондорй эле УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда таңкы саат 06:00дө тажик тарап оор курал колдонуу менен кайрадан Кыргызстандын чек ара бекеттерин көздөй ок та баштаган.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.
Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.
Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.
Булак: NazarNews.kg