www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү бүгүн, 2-февралда АКИpress агенттигинде маалымат жыйын уюштурушту. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы чырды жөнгө салууда эл аралык коомчулуктун ролу, объективдүүлүктүн зарылдыгы тууралуу айтылды.

Маалымат жыйынга Украинанын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Леонид Ясинский, Азербайжандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Хусейн Рахмин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков Кыргызстандын эли Тажикстандын калкына дайыма жакшы тилектештикте болуп, жылуу мамиле жасап келгенин айтты.

«Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Кыргызстан коңшу элди баш калкалаткан. Азыркыга чейин тажикстандык ишкерлер биздин өлкөнүн аймагында ишмердүүлүгүн ээн-эркин жүргүзүп жатат. Бирок биздин ишкерлер анте алышпайт. Бул кыргыз эли меймандос экенин көрсөтүп турат. Тажикстандын бийлиги демаркация жүргүзүүнү каалабай жатат. Бирок бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматты туура эмес жайылтып, жаңжалды кыргыздар баштаган деп айтышты. Чындыгында андай эмес», - деди Исаков.

Коомдук ишмер Бакыт Үзөнбаев да кыргыздар тажик элине душман эмес деп белгиледи.

«Дүйнөлүк коомчулуктан кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу окуяларды туура чагылдырууга көмөк көрсөтүүнү суранабыз», - деди ал.

Баткендин тургуну Азизбек Салибай уулу тажик эли менен кыргыз элинин ортосундагы мамиле жакшы нукта экенин айтты.

«Бирок тажик бийлиги эки элдин достугун бузуп жатат. Бизге согуштун кереги жок. Отуруп алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл», - деди жергиликтүү тургун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости