www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Андижан жана Наманган облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери чет өлкөгө ири суммадагы акча ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Кылмыштуу топтун лидери Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук телерадио корпорациясы билдирди.

Маалым болгондой, Кургантепин районунун 1990-жылы туулган тургуну айдап бара жаткан «ДЭУ Дамас» унаасы токтотулуп, анын ичинен 968 миң 900 доллар акча табылган.

Кийинчерээк айдоочунун шериги — 1964-жылы туулган жаран кармалган. Анын да «ДЭУ Дамас» унаасынан 672 миң 206 доллар табылган.

Андан тышкары кылмыштуу топтун лидери — Кыргызстандын 1974-жылы туулган жараны колго түшкөн. Ал убактылуу Ташкент шаарында жашап жаткан. Ошондой эле кылмыштуу топтун 5 мүчөсү Андижанда кармалды. Алар да Кыргызстандын жарандары экени аныкталды.

Муну менен Өзбекстандан 1 млн 641 миң 106 доллар акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости