www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эки инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча ниеттенүү келишимдерине кол коюшту.

Документтерге «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков кол коюшту.

Биринчи келишим локомотивдердин дөңгөлөк жуптарын оңдоочу дөңгөлөк-станоктук участокту заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздоону карайт.

Ал эми экинчи келишим контейнердик жүктөрдү ташуу үчүн 200 фитингдик платформаны сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду биргелешип иштеп чыгууга багытталган.

Маалыматка ылайык, бул долбоорлор темир жол инфраструктурасын модернизациялоого, кыймылдуу курамды оңдоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Форумдун алкагында Азамат Сакиев «Кыргызстан – аймактык хаб: жаңы транспорттук коридорлор» аттуу панелдик сессияда баяндама жасап, өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду тааныштырды.

Анда өзгөчө көңүл Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна бурулуп, бул долбоор Кыргызстандын транзиттик потенциалын күчөтүп, эл аралык транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө жана жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга кызмат кыла турганы белгиленди.

Ошондой эле ички темир жол тармагын өнүктүрүү, өндүрүштүк базаны жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча долбоорлор сунушталып, алардын ишке ашырылышы Кыргызстандын транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык транспорттук коридорлор системасындагы ордун бекемдөөгө өбөлгө болору айтылды.

Последние новости