www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эли үчүн керт башын ойлобой иштеген, жер үчүн жан дүйнөсүн берген маркум Султан Ибраимовду NazarNews маалымат агенттиги эл эсине салууну туура көрдү. Эзелтен кыргыз эли «кыргызым» деген кыйын уулдарын унутпай, ар дайым кадырлап келген калк эмеспи.
Бүгүн сиздерге Токторбай Урмамбетовдун калемине таандык 1992-жылы жарыкка чыккан “Султан Ибрагимовду ким өлтүргөн?” – деген аталыштагы китептен үзүндү жарыялайбыз.
Кырсык болгон 4-декабрь күнү Фрунзе шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери А. К. Поляков из кубар ити менен санаторийге эртең мененки саат 09:50дө келди. Ит №10 конок үйүндө Юрий Вольф жаткан бөлмөнүн терезесинен жыт алды да жөнөп берди. Ошондо аны алыстан карап турушкандар сүйүнгөндөй болушту.
— Жыт алды, буюрса... — дешти.
Ит терезеден «Чайка» автомашинасына (баса, кылмышкер Вольфтун чөнтөгүнөн ачкычты алып, автомашинаны ачып, от алдыра албай коёт да, анан ачкычты ошол жерге таштап, андан ары жөө кетет) жакындап, анын сол жактагы алдыңкы эшигин жыттагылап турат да, андан ары жөнөйт.
Асфальт төшөлгөн жол менен көл тарапка багыт алып, ага эки метр жетпей токтоп, жээкти бойлой күн батыш тарапка бет алат. Ошентип, дагы бир аз жүргөндөн кийин из жоголот. Итти кайрадан башынан баштатышат. Канча аракет кылышса да, баары бир дал ошол жерге келгенде ит андан ары жыт албай коёт.
Тергөө ишине жергебиздин, коңшу жана боордош республикалардын, кала берсе Союздук КГБнын, Прокуратуранын кызматкерлеринен турган чоң топ катышат да, алар бир нече группага бөлүнүп алышып, бир эле мезгилде шектүү деген жерлерде иштей башташат.
Алардын ичинде «Чолпон-Ата» санаториясынын адамдарын да суракка алышкандыгы шексиз. Ал эле дейсиз, бир түндө Совминдин председателинин шофёру менен, андан бир аз мурун ведомстводон сырткаркы күзөттүн күзөтчүсүнүн өлтүрүлүшү, 4-декабрь күнү милиционерлердин көчөгө батпай кетиши («тагдырдын тамашасы» деген ушул, окурманым, болору болуп, боёсу кангандан кийин милиционердин айнып кеткендигин карасаңыз) элди бир сапар дүргүтүп койгондугу чын.
Андайда ушак-айың деген тигил жаздын алдындагы козу карындай жер-сууга батпай кетет эмеспи. Алардын бардыгы тең чындыкка негизделбеген өйдө-төмөн сөз. Мен анын бардыгын тизмелейин деген оюм жок. Бирок ошол ушак-айың карапайым элди дагы бир жолу дүргүтүп койгондугу анык.
Ага кошумча болуп, түнү менен эл көп жүрө турган жерлерге белгисиз адамдар тарабынан калайык-калкты ошол учурдагы советтик түзүлүшкө, аны жетектеген адамдарга каршы үндөгөн, кайра террористтик күрөшкө чакырган баракчалардын пайда болуп жатышы Чолпон-Аталыктарды, айрыкча, дагы эмне болуп кетер экен деген калыпта кулак түргөн узун-кулактарды, жеңил ойлууларды ого бетер күчөтүп жибергендей болду.
Кантсе да милиционерлер баракчаларды күн сайын ар кайсы жерден сыйрып алганга араң үлгүрүп жатты.
Жашоо-турмушуна башынан эле нааразы, «ич күптүүсү» бар айрым адамдар Чолпон-Аталыктарга кошулуп, ошол эле замат коркутуп-үркүтүү маанисиндеги каттарды бардык жерге: Москва, Фрунзе, Пржевальск шаарларынын аттуу-баштуу мекемелерине, редакцияларга жөнөтүп жатышты.
Алардын ичинде төмөнкүлөр бар:
Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине «Цугфогель» («Келгин куш») деген жашыруун наам менен кат жөнөткөн Фрунзе шаарынын 18 жаштагы тургуну — Николай Осипов.
КПСС Борбордук Комитетине ушул эле мааниде кат жөнөткөн 67 жаштагы жердешибиз — Касымалы Кадырбаев.
«Советская Киргизия» газетасына орус калкына каршы үндөгөн жалган ысым менен кат жөнөткөн — Асаналы Турусбеков.
Ошол эле газетага ошондой эле маанидеги катты жиберген — Марс Тукуев.
Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министрлигинин №4 башкы башкармасынын ооруканасынын атайын бланкасына Чолпон-Атадагы окуяга байланыштырып, ар кандай коркутуу маанисиндеги чакырыктарды тараткан Фрунзе шаарынын 8-классынын окуучусу — Муса Абдразаков.
Булар атайын изилденип, такталган ысымдар. Ал эми белгисиз тейде калгандары канча? Ал турмак чет мамлекетке чейин кабар жетип, барган маалыматты душмандык багытта пайдаланып жатышкандыгын айта көрбөңүз.
Жашырганда не, чет жерде жылт эте калган кабар биз үчүн ал кезде өтө чоң намыс эмес беле. Анан Совминдин председателинин киши колдуу болуп өлүшү, ачык эле өлтүрүлгөн Кеннединин өлүмүндөй дүйнөгө «дүрбөлөң» салып, кала берсе анын артынан ар кандай баракчалардын, коркутуп-үркүтүүлөрдүн, анонимкалардын пайда болушу алакандай кыргызды уютку катары көрсөтүп жибергендиги айдан ачык.
Дал террористтердин ушул көз караштан алып караганда, КПСС Борбордук Комитети менен Кыргызстан Борбордук Комитетинин ишти тез бүтүрүүгө шашышкандыгы ырас.
Кымбаттуу окурманым, мен буларды бекер жеринен санап жаткан жерим жок. Анын эки себеби бар. Биринчиси — ошол убактагы жалпы абалдан маалымат берүү, экинчиси — тергөө ишине эч бир тиешеси жок ушул сыяктуу нерселер органдын кызматкерлеринин көңүлүн алаксытып коюшу.
Мынча болду, дагы бир фактыга токтололу.
Кырсык болгондон үч-төрт күндөн кийин райондук милицияга 1942-жылы туулган Полищук Валентин Панкратьевич деген адам келет да, милиция кызматкерлерин күбөгө тарта Фрунзеге кат жөнөтөт. Андан соң Совминдин председателин өлтүргөндүгүн мойнуна алат.
Сурак башталат. Ошондо барып гана «кылмышкердин» жалган экендигин түшүнүшөт. Көрсө, ал окуяны элден укканы боюнча болжолдогону болбосо, качан, кайсы жерде, кандай шартта өткөндүгүн билбейт экен.
Дагы бир кызыгы — өзүнүн кош ооз мылтыгынын бир нече огун (анын ичинде атыла электери да, атылгандары да бар) санаториянын ар кайсы жерине таштоого үлгүргөн.
Жалган кылмышкер нерв оорусуна чалдыккан, наркотиксиз тура албаган адам экендиги аныкталып, тергөөдөн четтетилет.
Ангыча болбой, 10-декабрь күнү Чолпон-Ата шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнүн №4 үйүнөн И. С. Букреевдин асылып турган өлүгү табылат.
Текшерүүдө сырт кийиминин чөнтөгүнөн баракча чыгат. Анда мындай деп жазылат:
«В органы КГБ. Я Букреев И. С. уходя из жизни не совершил ни одного преступления. Был поставлен маяком Прокудиным Сашкой. Это его рук дело убийства министра, так что он за человек вы разберитесь сами (подпись)».
Мен бул жерде текстте кандай жазылса, дал ошондой бердим.
Ошентип, бул багытта иштөө башталат. Бир канча адам сурактан өтөт. Анан барып гана эч жерде иштебей, иштесе да чеке жылытпаган, бир жагы «алкаш», бир жагы наркоман адамдардын бири-биринен өч алуусу экендиги аныкталат.
Ата-бала смагиндер
Тергөө ишинде «шектүү» деп эсептелингендердин ичинде мылтык ээлери да бар болучу.
Баяныбыздын баш жагында колдон 623 катталбаган мылтык табылды деп айтып кеткеним бар. Андан сырткары билинбей калгандары канча. Ошолордун ичинде Смагин Михаил Кириллович жана анын уулу Александр бар болучу.
Алар менен коңшу-колоң жашаган, таанып-билген адамдардын, тууган-туушкандарынын далилдөөсүнө карабастан, Михаил Смагин мылтыгы бар экендигин танат. Үй ичин тинтүү да пайда бербейт. Альбомдо андай сүрөттөр да жок болуп чыгат.
Акыры Михаил Смагиндин Сибирдеги кызынын үйүнөн уулу Александрдын «Белка» мылтыгы менен түшкөн сүрөттөрү табылган соң гана андай куралдын болгондугун мойнуна алат.
Тергөө кызматкерлери эмне үчүн «Белка» маркасындагы мылтыкты издешип калышты? Анткени, кыйлага чейин жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында кылмыш дал ошол «Белка» менен жүзөгө ашкандыгы аныкталган.
Деги Смагиндер өздөрү кимдер?
Смагин Михаил Кириллович — Чолпон-Ата аэропортунда моторист-электрик болуп иштеген адам. Айлыгы — 100 сом. Ошого карабастан оокаты тың. Заманга жараша алгач «Москвич», кийин жаңыларын сатып алып жүрүп, акыркысы «Волга» ГАЗ-24. Уулу Александрдын «Ява» маркасындагы номерсиз мотоцикли бар.
Баяныбыздын баш жагында Фрунзедеги Ленин атындагы заводдун слесары Буренин Феликс Васильевичтин 29-ноябрь күнү санатория тарапка кеткен мылтыкчан эки адамды, эртеси, 30-ноябрь күнү, шаардагы номери жок мотоциклдин бензин куюучу багынын үстүнө «Белканы» байлап алган жигит жөнүндө айтканы эсиңиздеби, окурманым? Ошондо Буренин дал ушул Александр Смагинди көргөн.
Смагин Михаил аялы менен уулу Александр жаш кезинде эле ажырашып кеткен. Кийинки учурда коңшу турган Корсакова Мария менен эрди-катын сымал жашап турган.
Мүнөзү тунт, эч ким менен ымаласы жок. Уулу Александр да «алма сабагынан алыс түшпөйт» дегендей атасын тарткан.
Кичинесинен өзүмчүл келип, бирөөнүн алдында кыр көрсөтүүнү, бийлик кылууну, багындырууну жакшы көрүүчү. Атасынын самогон кайнатканын, апийим сатканын, ал турмак «дары» деген шылтоо менен иче коюшун жаман көрүүчү эмес. Кубаттоочу кайра.
Өзү да ошол ишке аралашып, бекер оокаттын даамын татып, ак дили, ак ниети менен жашагандарды, айрыкча кыргыздарды киши катарына кошпогон иштерди жасоого тарбияланган.
Анын мектепте жүргөн кезиндеги жазган күндөлүгүнөн үзүндү келтирейин.
«Я живу, как во сне. Мне кажется, все что со мной происходит,— это глубокий и кошмарный сон. Я кидаюсь туда, где можно получить душевное и физическое удовольствие, ради этого я не жалею ни себя, ни денег. Я не гнушаюсь ничем: могу избить человека и никогда потом об этом не буду жалеть. Если мне чего-то не достает, я иду на уголовное преступление.
Мне исполнилось восемнадцать лет. Я еще молод, но жизнь я видел во всех ее проказах и мелочах. У меня такое чувство, что я доживаю свои последние дни, но с жизнью я расставаться не хочу так просто и бесславно.
Я выработал такое постоянное мнение, что в один прекрасный момент я схвачу винтовку и пойду стрелять односельчан.
И это я сделаю. Просто пока меня еще жизнь не давит в горло ножом и я жду того момента, как рыбак в неудачный клев ждет улова.
19 февраля, 1975 года».
Бул күндөлүк «Для сочинений А. Смагина» деген калың дептерге жазылган. Анын ичинде ар кандай темада жазылган сочинениелер бар. Күндөлүктү үйүндө жүргөндө эле жазганбы же сабак учурундабы, айтор, сочинение жазып келе жатып улаган.
Мектепти бүткөндөн кийин окууга өтпөй калат да, армияга чакырылат. Ал жакта да ишенимге ээ болбойт. Аны менен чогуу кызмат өтөгөн П. П. Веснанын суракта берген жообу мындай:
«В роте он ни с кем не сдружился. Всегда уединялся. При направлении на хозяйственные работы просил, чтобы его направляли работать одного. На замечания реагировал болезненно, впадал в истерику, даже буйную. Заявлял, что его хотят убить матросы. О себе был высокого мнения. В караул его не пускали, т. к. не доверяли ему оружие с боеприпасами в силу его недисциплинированности и озлобленности».
Армиядан келгенден кийин Тамак-аш өнөр жайынын Москвадагы Бүткүлсоюздук сырттан окуу институтуна өтөт да, ошол эле мезгилде Фрунзедеги кыска мөөнөттүү бухгалтерлерди даярдоочу окуу комбинатында окуйт.
Бул жерде да ар кимдин үстүнөн арыз жазып, бир нече жолу чогулушта каралып, комсомолдон чыгуу абалына чейин барат. Аны бүткөндөн кийин эч жерде иштебейт.
Алгач соода жагын карап көрөт. Андан айла болбогондон соң, же комсомолдун райондук комитетине, же жылкы заводунун комсомол уюмуна секретарь болууну көздөп, кыйла жүгүрөт. Акыры эч жерге кызматка алынбай, каалаганындай жашай берет.
Ошентип, кымбаттуу окурманым, кылмышкердин таржымалынан бир аз да болсо баян эттим. Анын ким, кандай адам экендигин боолголоп калгандырсыз.
Анан 3-декабрь күнү кылмыш жасай тургандыгын атасына айтат.
Смагин М. К. (суракта берген жообу):
— Кеч кирип калган. Бир маалда эле Александр: «Мергенчиликке чыгам», — деп калды. Түнкүсүн эмне бар деген менин сөзүмө кулак салган жок. «Өзүң бил» деген калыпта тим койдум да, Мария Корсакованыкына кетип калдым.
Ал жактан кечирээк кайттым. Уулум Александр таңга жуук кирип келди да:
— Мен бүгүн киши өлтүрдүм, бул жерден тез кетпесем болбойт, — деди.
«Ким, кайдагы адам өлтүрүлгөндүгүн айт, жооп бер», — дедим да, бир бөтөлкө самогонумду көтөрө кайра Мария Корсакованыкына кетип калдым.
Жүрөктү өйүгөн табышмактын бардыгына болбосо да, кыйласына жооп бере турган Александр Смагиндин бир ооз кебин укпай калдык.
Жогорку айтылган сөз анын атасыныкы. Анын канчасы чын, канчасы төгүн экендигин, экөөнүн ортосундагы ырайымсыздыкта Султан Ибраимовичтин ысмы аталгандыгы белгисиз.
(уландысы бар)
PS: Материал NazarNews маалымат агенттигине таандык. Автордук укук корголот. Булакты көрсөтпөстөн көчүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.