www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) делегациясы КМШга катышкан мамлекеттердин пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин XI отурумуна катышты.
Жыйын Казань шаарында өтүп, кыргыз делегациясын ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев жетектеди.
Жолугушууда пенитенциардык тутумдарды өнүктүрүү, коопсуздукту камсыз кылуу, соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу, аларды эмгекке тартуу, билим берүү жана кайра социалдаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап пенитенциардык тутумда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана алардын практикалык натыйжалары тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып КМШ мамлекеттеринин кызматкерлерин өзүнүн билим берүү уюмдарында окутууга даяр экенин билдирди.
ЖАМК белгилегендей, мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга, натыйжалуу ыкмаларды практикага киргизүүгө, кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана пенитенциардык тутумду мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.