www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корфез өлкөлөрү 2 кылымдан бери боркулдап кайнап жатат. Кара алтындын кайгайы миңдеген тагдырларды талкалап, ал ортодо, темир чеп менен оронгон бийликтер кулады. Саддам Хусейиндин, Муаммар Каддафинин, Хафыз Эсаддын, Хусни Мубарактын аянычтуу тагдырларынан эч ким сабак алган жок. Мындан улам Жакынкы Чыгыштын оту өчпөй, кайра күн сайын тутанууда. 

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Йемендеги граждандык согуш кайрадан алоолонуп, багытын Сауд Арабияга карап бурду. Натыйжада, Бабулмендаб кысыгынын түндүк жагын кечээ Хуситтер ээлеп алышты. Учурда Мариб аймагына караштуу Рагван районун көздөй жылып баратышат. Йемен өкмөтү алардын аскери 76 миңден ашты деп билдирүүдө. Мариб провинциясы экономикалык жана стратегиялык жактан маанилүү аймак. Ал жер ар түрдүү кен байлыктарга жана кара алтынга бай.  

Хуситтер Арап коалициясы Йеменди таштап чыгып кеткенге чейин согушту улантмак болушууда. Ал ортодо өкмөттүк күчтөр толук багынып бериши шарт дешет.

Бир туруп, Израил менен согушкан, бир туруп, Сауд Арабияга азуусун көрсөткөн Йемен кантип ушул абалга кептелди?

2015-жылы Хуситтер Йемендин бийлигин кулатып, борбор шаар Сананы басып алышты. Кулаган президент Абд-Раббу Мансур Хади Сауд Арабияга жакындыгы менен таанылган саясатчы эле. Сауд Арабия ошол 2015-жылы күзүндө Арап коалициясын топтоп, Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү үчүн Хуситтерге согуш жарыялады. Натыйжада, Йемен экиге бөлүндү. 

Учурда Хуситтер Сана шаарын, Кызыл деңиздин жээктерин, Аль-Худайде шаарын, Бабулмендеп кысыгын, Мока деңиз булуңун, Маййун аралын, Саада, Амран, Дамар, Хажже, Иб Махвит жана Аль-Байда провинциаларын толук көзөмөлдөп отурат.

Ал эми Йемендин өкмөт күчтөрүндө Тализ аймагынын бир бөлүгү, Мариб аймагынын бир бөлүгү, Аль-Жайф жана Ад-Дали аймактары гана калган. Белгилүү болгондой, Хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарда калк жыш жайгашкан. Андыктан, калктын саны боюнча да, Хуситтердин үстөмдүк кылаары айтылууда.   

Хуситтер Шииттердин Зайди бөлүгүнө кирет. Мындан улам Ирандын колдоосуна ээ. Сауд Арабия болсо, муну Жакынкы Чыгыш үчүн өтө кооптуу деп эсептейт.

Быйыл сентябрда Сауд Арабияда Мекке келишими түзүлүп, биргеликте коргонуу үчүн Түркия, Пакистан жана Арабстан кол коюшту. Кечээ Хуситтер Бабулмендап кысыгын өздөрүнө караткандан кийин Сауд Арабияга таандык “Крал Фахд” аба майданын да бомбалашты. Мына ушул учурда расмий Аль-Риад Мекке келишимине кол койгон өнөктөштөрүнө жана АКШ бийлигине жардам сурап кайрылган. Дүйнөлүк ММКлар билдиргендей, алардын эч кимиси Сауд Арабияга жардам колун узаткан эмес. 

Манас ОСМОН

Последние новости