www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп 2028-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы вице-президент Жей Ди Вэнсти колдоого жакын экени кабарланды.
The Washington Post басылмасы Республикалык партиянын ири демөөрчүлөрүнө таянып жазгандай, Трамп жабык жолугушууларда 2028-жылдагы шайлоодо Вэнстин жеңишке жетишин кааларын билдирген.
Ошол эле учурда булактар Трамп өзүнүн мураскери боюнча акыркы чечимди чыгара электигин белгилешет. Азырынча ал Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун ортосундагы атаандаштыкты сактап келет.
Маалыматтарга караганда, акыркы убакта Трамп мурдагыдай «Жей Диби же Маркобу?» деген суроону көп көтөрбөй калган. Ал Вэнс бул колдоого «татыктуу» экенин айткан.