www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 25-мартта саат 20:00дө Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта очогунда күчү 4 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөнүн очогу Бүргөндү айылынан 4 чакырым түштүк-батышка, Момбеков айылынан 12 чакырым түшүк-батышка, Кочкор-Ата шаарынан 18 чакырым түштүк-батышка, Шамалды-Сай шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта болгон.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 балл, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын-ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.