www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын курама командасы Катардын оюнчуларын 3:1 эсебинде утту.
Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамаларынын беттешип жатышат.
Беттешти көрүүгө өлкө башчы Садыр Жапаров келди. Ошондой эле Бишкекке Катар футбол ассоциациясынын президенти Жассим Аль Буанинин жетекчилиги алдындагы Катар ассоциациянын делегациясы да келген.
1-таймдын 45-мүнөтүндө Кыргыз курамасы эсеп санды ачып, күйөрмандарын сүйүнттү. Калыстар бул таймга 2 мүнөт кошуп беришкен.
2-таймда Катардын оюнчуларды эсеп санды теңеген болчу. Оюндун 81-мүнөтүндө Александр Мищенко гол киргизип, Кыргыз курамасын алдыга сууруп чыкты.
2-таймдан кийин калыстар 8 мүнөт кошумча убакыт беришти. 5-мүнөттө оюнчу Алимордон Шүкүров 3-голду киргизди. Ошентип, оюн 3:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды.