www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер “Азаттыкка” берген акыркы маегинде кыргыз-британ кызматташтыгы акыркы үч жылда олуттуу өнүккөнүн билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда саясий байланыштар жогорулап, жогорку деңгээлдеги сапарлар жана биринчи ирет өткөн “Улуу Британия – Борбор Азия” саммити мамилелерди жаңы баскычка чыгарды.
Экономикалык багытта Уэльстен келген Concrete Canvas сыяктуу компаниялар Кыргызстанга инвестиция салып, технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда. Бул суу үнөмдөө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө болууда.
Элчи ошондой эле Улуу Британияда сезондук жумуштарда иштеген кыргызстандыктардын саны өсүп, 12 миңден ашканын белгиледи. Алар британ экономикасынын, айрыкча айыл чарба тармагынын маанилүү бөлүгүнө айланып жатканы айтылды.
Билим берүү, жашыл экономика, жарандык коомду колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы долбоорлор да эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттары катары көрсөтүлдү.
Боулер келечекте кыргыз-британ мамилелери дагы тереңдеп, экономикалык жана маданий байланыштар кеңейет деген ишенимин билдирди.