www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапарушканы Бабанов баштаган Атамбаевдин кошоматчылары өкмөт башына алып келишкен. Сапар Исаков 30 миллион долларды каяктан тапты? Албетте, ким президент болсо да куйругуна жабышып жүрүп, Кыргызстандын экономикасын соруп жүрүп мындай жетишкендикке жеткен. Эмне үчүн Москвага клиника куруп жатат? Сапар Исаков орус элитасына жагынгысы келет. Ал студенттик скамейкадан өйдө болор менен ал кездеги Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жердештикке салып колдоо көрсөтүп ТИМге кызматка алган. Анын атасы ошол кездеги президент менен бирге иштешкендиктен Жумакадыр аксакал жуда тааныштыкка салып тез эле ЦАРИИнин маалыматын тескеп калат. Аны кызматынан колдоп өйдө көтөргөн Аликбек Жекшенкуловдун башына иш түшкөндө түкүрүп да койгон эмес. Тескерисинче , мыйыгынан күлүп, таскагын уланта берген. 2010-жылы АКШга Максим менен бирге барган күнү бийлик алмашып кетет. Максим ошол бойдон келген жок. Сапар Исаков терисин тескери жамынып «хамалеончо» өзгөрүлүп Атамбаевдин ишенимдүү адамына айланат. 2011-жылы Атамбаев президент болордо Аликбек Жекшенкуловду далыга чаап, «эшек кечүүдөн өткөн соң»  бармагын көрсөтүп койгон. Аликбек Жекшенкулов Атамбаевге жүгүнүп барган жок, ал эми Сапар Исаков бүгүлүп жүрүп ТЭЦти кайсап, өкмөт башчысына чейин жетти.  2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин качып кеткен, качкын Сапар Исаковдун кийин коомчулукка таркаткан билдирүүсү көпчүлүккө кызыкчылык деле жаратпай талкууга деле алынбады. Исаков “адилеттик болору менен өлкөгө кайтып келем” деп, Бабановго окшоп кыңкылдап койгон. Ал тургай азыркы бийликтердин шарапаты менен өлкөдө адилеттик орнойт деген үмүттө турганын жашырбаган эле. Өзү өкмөт башкарып, Атамбаев президенттик бийлик жүргүзүп турганда кандай адилетсиздиктер, куугунтуктар, соттордун акыйкатсыздыгы болгонун эске да алган жок.

Аны бийлик жакын жолоткон эмес, Москванын бийлиги да жакын жолотподу. Орусиянын ТИМин жетектеген Лавров тиши кагылып бүткөн чоң саясатчы ал экс-премьер  балашка Сапарушканы чыпалагына да теңеген жок. Себеби Сапарушка убагында кыргыз элин мүлжүгөн. Кызматта турганда ТЭЦ деген долбоор эмнеге кыргыз элине каршы иштелген? Эмнеге баасы асмандап, бирок элге кымындай пайдасы болбоду? Азыр дагы эле ТЭЦтин маселеси чыгып жатат? – деген суроо жаралат. Ал эми олчойгон карызды ким төлөйт? Атамбаев менен Исаковбу? Жок, эл төлөйт.

Последние новости