www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынына айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өзү барбай, “мыйзамды билет” деп суу чарба департаментинин директору Нурлан Шериповду жөнөткөн. “Өлкөдө канча үрөнчүлүк чарба бар?” деп депутат суроо берсе, ошого жооп бере албаган Шериповдун айыл чарбасынан дилетант экени кашкайып көрүнүп калды.

Мугалим Шерипов суу, жер, үрөн маселесин кайдан түшүнсүн? Депутат “№309 токтом дыйкан, фермерге каршы колдонулат” десе аны түшүнбөй, Шерипов парламентте ыйынып-ычкынып жооп бере албай отурду. Бу айыл, суу чарба министрлигинде жерди, сууну, үрөндү түшүнгөн адистер барбы?

Же жалпысы эле Нурлан Шериповго окшоп, оозун сураса мурдун көрсөткөн адашкан пенделерби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости