www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөнү аныкталган.

Анын натыйжасында жалпы баасы 74,1 млн сомдук 60 түрдөгү дары-дармектин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын тиешелүү билдирмелери жок эле ири көлөмдөгү медициналык буюмдар сатылып алынган. Натыйжада 63,8 млн сомдон ашык баадагы продукция кампаларда пайдаланылбай калган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала көлөмү 137 млн 950 миң сомду түздү.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 339-беренеси («Билип туруп пайдасыз контракт түзүү») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости