www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Венгриянын президенти кызматына шайланышы менен Андраш Баканы куттуктады. Бул тууралуу Президенттин администрациясы маалымдады.

«Сиздин президенттик мөөнөтүңүз Венгриянын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деп ишенем.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди жылуу сезим менен белгилейм.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду.

Өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттары мындан ары да эки тараптуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Венгриянын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз болуп берет деп ишенем.

Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», - деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Последние новости