www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы административдик имараттын курулушуна мезгил кутусу (капсула) салуу аземи өттү.

Салтанатка Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, сот кызматкерлери, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Медербек Сатыев акыркы жылдары өлкөдө сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык долбоорлонуп, анда судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн иш бөлмөлөрү, сот жыйындарын өткөрүүчү залдар, жарандарды кабыл алуу үчүн жайлар жана башка зарыл бөлмөлөр каралган.

Имаратта 5 судья, 15 сот аппаратынын кызматкери, 6 тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.

Ошондой эле бир сот приставынын кызмат орду ваканттуу.

Жаңы административдик имараттын жалпы аянты 2 160 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш аянтчасы даярдалып, аймак тазаланып, кирүүчү жолдор уюштурулган жана курулуш техникасы менен материалдарын жайгаштыруу үчүн шарттар түзүлгөн.

Долбоор сот тутумунун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга жана Ноокен районунун тургундары үчүн заманбап сот кызматтарын жеткиликтүү кылууга багытталган.

Последние новости