www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынан кийин Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан шаарда жана Ново-Николаевка айылында атмосфералык абанын сапаты текшерилди.
Мониторинг Кара-Балта шаарындагы 40 лет Киргизии, Луговая, Тольятти, Железнодорожная, Токтогул, Самарбек уулу Өмүраалы көчөлөрүндө жана Ново-Николаевка айылынын Москва көчөсүндө жүргүзүлдү.
Изилдөөнүн жыйынтыгында абадагы азот кош кычкылынын көлөмү уруксат берилген чектен Кара-Балтадагы 40 лет Киргизии көчөсүндө 3,9 эсеге, ал эми Ново-Николаевка айылындагы Москва көчөсүндө 1,9 эсеге жогору экени аныкталды.
Калган текшерилген аймактарда зыяндуу заттардын концентрациясы белгиленген чектен ашкан эмес.
Изилдөөнүн жыйынтыктоочу протоколдору мындан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.