www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы аймактарда +20…+39 градуска чейин көтөрүлөт.
Аймактар боюнча:
Чүй облусунда: түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +34…+39°C;
Талас облусунда: түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +32…+37°C;
Ош облусунда: түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
Баткен облусунда: түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +20…+25°C;
Нарын облусунда: түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +23…+28°C.
Бишкек шаарында түнкүсүн +20…+22°C, күндүз +35…+37°C жылуу болот.
Ош шаарында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында «Нелегал» атайын профилактикалык иш-чарасы өткөрүлүп жатат.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар иштеген мекемелерди текшерип, алардын Кыргызстанда мыйзамдуу жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле «Шанхай-Сити» мейманканасында жашаган жана курулуш тармагында иштеген чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуу өткөрүлдү.
Аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо жана жергиликтүү элдин каада-салтына урмат менен мамиле кылуу эскертилди.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды жумушка алган ишкерлерге миграциялык талаптарды сактоо жана кызматкерлеринин мыйзамдуу макамын көзөмөлдөө зарылдыгы айтылды.
Милициянын маалыматына караганда, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.