www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-12-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет билдиргендей, абанын температурасы бир аз төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 11-14-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жергиликтүү нөшөрлүү жаанчачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Булак: NazarNews.kg