www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өткөндөрдөн мыйзамсыз акча талап кылынып жатканын айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-майдагы жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Ал парламент төрагасына кайрылып, маселеге көңүл буруу үчүн бажы жана чек ара мекемелерине тийиштүү тапшырма берүүнү өтүндү:

"“Достук” бекетинен Өзбекстанга өткөн элдерибиз абдан кыйналып жатыптыр. Анткени экиге бөлүнүп калыптыр – акча берип өткөндөргө өзүнчө, акча бербегендерге өзүнчө пост бар экен. Бул эмне деген нерсе? Ошого протоколдук тапшырма берип койсоңуз бажычыларга жана чек арачыларга. Мындай болбойт да. Бүт соода-сатык жана мамилелешкен Өзбекстан менен чек арада бул чоң көйгөй болуп жатыптыр”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости