www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Нур-Султан шаарында 3 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калышты. Аны 8-кабаттан кулай турган учурда Сабит Шонтакбаев куткарууга жетишкен. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат боюнча, окуя 11-майда саат 10:21 чамасында болду.

«8-кабаттагы батирдин балконунда асылып турган баланы алдыңкы кабаттагы адам куткарды. Наристе 2019-жылы төрөлгөн. Окуя болгон учурда үйдө ата-энеси да бар болчу, бирок наристе балконго барганда жанында эч ким болгон эмес.

Бактыга жараша, баланын ыйын 7-кабатта жашаган Сабит Шонтакбаев (1985-жылы туулган) угуп, куткаруу аракетин көрүү менен саналуу секунддун ичинде наристени тосуп калды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости