www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксынын бир нече айылында айдоо жерлерди чегиртке каптады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын айланасын, Жерге-Тал, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүндөгү айдоо жерлерди массалык түрдө зыянкеч чегирткелер каптады. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган жерлер — айыл элинин үлүштүк жери. Тургундар беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чөп эгишкен. Учурда зыянкечтерден арылуу максатында чаралар көрүлүп жатат. Чегиртке аталган аймактагы айдоо аянттарын бир жума мурда каптай баштаган. Мындай зыянкечтер мындан 20 жыл мурда да айдоо талааларын жапырт каптап, авиатехника менен дары чачылган.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба департаментинин адистери аталган чегирткелер марокко чегирткеси экенин аныктады.

Тиешелүү кызматтарга билдирме жөнөтүлүп, дары чачуучу эки унаа берилген. Бүгүнкү күндө Кербен шаарынын айланасында 800 гектар жер дарыланып бүттү. Кашка-Сууда 3 гектар жерге дары чачылып, калган бөлүгү боюнча иш улантылары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости