www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача-СУ боюнча авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Коомдук комиссияга Алмамбет Шыкмаматов төрага, экс-премьер Кубатбек Боронов мүчө болуп кирди. Буга чейин Июнь жаңжаалы иликтенип жаткан. 2017-жылдын 16-январында эртең мененки саат 7.31де Өзгөчө кырдаалдар министрлигине учактын кыйрашы боюнча билдирүү келип түшкөн. Boeing 747  аэропортко жакын жердеги Дача –СУ айылына кулаган. Кырсык 39 кишинин өмүрүн алып, 15 кыргызстандык жабыркап, 23 үйдү жараксыз абалга келтирди.

Бул кырсыктан кээ бирөөлөр ата-энесиз калса, кээ бир адамдар баласынан айрылып, ал эми темир канаттын алдына бүтүндөй бир үй-бүлө калышып, канчалаган адамдар, наристелер капысынан бейажал өлүмгө дуушар болгон.«Кырсык каш кабактын ортосунда» -дейт бул кырсык бир гана кыргызстандыктардын жүрөгүн титиретпестен, миллиондогон кайдыгер эмес адамдардын сай- сөөгүн сыздаткан. Ушундай оор кырсыкты угушкан буту жеткен адамдар бул жерге жетип барышып, учактан талкаланган айылга колунан келген көмөктөрүн көрсөтүшкөн. Кырсыкты угушкан өкмөт тез аранын ичинде темир канат кулаган жерге жетип барышып ар ким өзүнө тиешелүү тармактарда жардамдарын бере баштаган. Алсак, ал кезде Кубатбек Боронов жетектеген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын кесепетин жоюу үчүн, шашылыш өрттү өчүрүшүүгө камылга көрүп, темир канатттын алдында калган жазыксыз аркы дүйнөгө кеткендердин сөөктөрүн алып чыгууга киришсе, саламаттыкты сактоо министрлигинен барышкан дарыгерлер жаракат алгандарга жардам бере баштаган. Иликтөөлөрдөн жыйынтыгы менен Сокулук районундагы Дача-СУ айылына учак кулар алдында  экипаждын мүчөлөрү катуу урушкан экен. Бул «Манас» аэропортунда аларды тосуп алган радардын жаңылыштыгынан улам деген пикирге да келишкен. Кызык, дүйнө жүзү боюнча жылына миллиондогон учак аэропортко жөн эле конуп жатат. Бул жерде радарга күнөөнү жүктөгөндөн көрө учактын экипажы «Манас» аэропортуна мурун келбегендиктен, ал жердин шартын билбеген болсо керек. Анткени, аба кемесинин экипажынын мүчөлөрү Түркиянын жарандары болгон. Капитаны Ибрагим Гюржан Диранжи, экинчи пилот Казым Ондул, андан башка  Мелих Ослан менен Ихсан Кожа. Учактын техникалык мүнөздөмөсү төмөнкүдөй: учак 2003-жылкы, 124 тонна жүктү көтөрө алмак, 5 миң 230 км жерге уча алат, 922 км ылдамдыкта жүргөн.

2017-жылдын январында болгон оор кырсыкта «Ата-Мекен» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин юристи Түркияга учуп бараткан Boeing 747  учагы менен ошол кездеги Кыргызстандын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жүгү келаткан деп чыккан. Ал жүк болбогондо учак түз эле Түркияга учуп кырсык болмок эмес дешип. Буга жини келген Атамбаев февралда Белизден учуп келген Текебаевди Сегизбаевдин УКМКсы менен каматып, мойнуна 1 миллион доллар жүктөп койгон. Ал кездеги президенттин Башмыйзам боюнча да, Кыргызстандын жараны катары да адамкерчиликти сактап, Дача-СУда болгон кырсыкка баруу эң биринчи милдети болгон. Эл күткөн президенттин Дача-СУдагы кырсык болгон жерге барбай коюшу, ошол кырсыкты угушуп, капа болуп жаткандарды бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан кыжырын келтирген. Атамбаев президент болуп туруп барбай койгону анын жүктөрү үчүн күйүп-бышып, каза болгон элине кол шилтеп койгонундай сезилген. Президенттин шайлоочулар жапа чегип жатса, бул ааламатка кыргыз элинин ичи күйүп турганда Кыргызстандын президентинин кырсык болгон жерге барып, эл менен азаны тең бөлүшүп турганы элдик экенин көрсөтүп, анын келечегине балта чапмак эмес. Атамбаевден кыйын президенттер Владимир Путин жана башкалар кырсык болгон жерге жетип барышып, эл менен кошо кайгысын бөлүшөт. Башмыйзамдын кайсы беренесинде ушундай ааламат учурунда Президенттин чет мамлекеттен келген азаны тең бөлүшүү телеграммалары менен чектелип, кырсык болгон жерге барбай койсун деп жазылды эле? Мындай оор кырдаалдарда мульти-миллионер президенттин кырсык болгон жерге барбай коюшунун себеби эмнеде?

  1. Мындай өзгөчө оор кырдаалдарда экс-президенттин барбай коюшунун башкы себеби, анын Кыргызстанда жоктугу себеп болмок. Бирок, чет мамлекеттен келери менен ал кырсык болуп жаткан жерге сөзсүз барыш керек эле. Ошол кездеги фактыларга таянып, ачык айтканда экс-президент чет мамлекетке иш сапары менен кетпестен Кыргызстанда болгон. Кыргызстандын борбору Бишкек менен Дача-Сунун ортосу анчалык алыс эмес. Кудай сактасын, бирок кырсык Кыргызстандын алыс бурчунда болгон күндө да экс-президент барып коюуга милдеттүү эле.
  2. Балким экс-президенттин өтө экстрендүү иштери бар чыгар. Жакындарынын той-топурунда, ашында жүргөндүр. Ал деле узакка созулмак эмес, ошончолук кыйбас иштер болгондо да, ал бүткөн соң барып койсо болмок.
  3. Саламаттыгынын алсыздыгынан  ден соолугу начарлап тургандыр. Анда анын ден соолугунун камын көргөн дабагерлер ден соолугу начар экенин билдирген медициналык справканы жарыялашмак. Экс-президенттин ден соолугу тууралуу медициналык справкалар жарыяланган эмес.
  4. Дагы бир себеп болушу мүмкүн. Уккан элдин бары кайгырган мындай окуяга алкоголизмдин акыркы стадиясындагы адамдар гана кайдыгер болушса керек. Алкоголизмдин акыркы стадиясында адамдар эс-дартын жоготушуп, бардык нерсеге кош көңүл болуп калат. Анткени, көпчүлүктү кайгырткан бул окуяга арак ичип жаткан топ да кайдыгер карабастан, кызуу талкуулап, канаты болсо учуп жеткиси келип тургандыр.

 Садыр Жапаров жарлык чыгарып, Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-СУ айылында мындан беш жыл мурда жүк ташуучу Боинг-747 самолету кулаган авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Комиссия туурасында ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Президент 2017-жылдын 16-январынын таңында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-СУ айылына Боинг-747 жүк ташуучу самолету кулагандыгын эске салды. Анын кесепетинен Кыргызстандын жарандары – айылдын 35 тургуну жана Түркиянын жарандары – экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Расмий версия боюнча, Стамбул шаарына (Түркия) учуп бара жаткан самолет май куюу үчүн "Манас" аэропортуна багыт алган. Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) авиациялык кырсыктарды иликтөө комиссиясы Дача-СУдагы авиациялык кыйроону иликтөөнүн натыйжалары боюнча бүткөн отчетун үч жылдан кийин, 2020-жылдын февралында жарыялаган. Учкучтардын кетирген катасы – кыйроонун башкы себеби деп аталган.

"... Дача-СУдагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле самолеттун кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн деген суроолор жоопсуз калууда. Авиациялык кыйроонун себептерин жана шарттарын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө, Дача-СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам", — деп жазып, алты пунктуну да белгилеп, тизмектеген.

Алар:

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-СУ айылында Боинг-747 жүк ташуучу самолету менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия (мындан ары – коомдук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн;

Коомдук комиссияга төмөнкүлөр сунушталсын:

– коомдук комиссиянын ишинин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү;

– өзүнүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына мезгил-мезгили менен маалымдап туруу;

Коомдук комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын кырдаалдык борборуна жүктөлсүн;

Президенттин администрациясы, президенттин иш башкармасы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, министрликтер, административдик ведомстволор, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул жарлыктын 1-пунктун ишке ашырууда коомдук комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, коомдук комиссиянын суроо-талабы боюнча анын иши үчүн зарыл болгон бардык материалдарды жана документтерди ыкчам тартипте берип турсун;

Коомдук комиссия иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана жарандарды ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин;

Коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды берсин;

Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлсүн.

Коомдук комиссиянын курамы:

Гүлшайыр Абдирасулова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Дилбар Алимова, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);

Бекзат Алимов, "Эйр Манас" авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору (макулдашуу боюнча);

Элнура Алканова, "Ачык маалымат фонду" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист (макулдашуу боюнча);

Кубатбек Боронов, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Кайрат Кенжебай уулу, "Стоп Беспредел" маалыматтык сайтынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);

Кубанычбек Култаев, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги (макулдашуу боюнча);

Тимур Махмудов, жарандык активист (макулдашуу боюнча);

Динара Ошурахунова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча)

Мухаммедали (Али) Токтакунов, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);

Нурбек Токтакунов, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Адиль Турдукулов, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);

Бактыбек Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын экс-депутаты (макулдашуу боюнча);

Эркингүл Убышева, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);

Самсаалы Четимбаев, жарандык активист (макулдашуу боюнча).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости