www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев тынч максатта космос мейкиндигин иликтөө жана колдонууда кызматташуу жөнүндө Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимди бекитти. Келишимге тараптар 6-декабрда Нур-Султанда кол коюшкан.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, өзбек тараптан келишимди аткаруу «Өзбеккосмос» агенттигине жүктөлдү.

Келишим эки өлкөнүн тынч максатта космос мейкиндигин иликтөө жана колдонуудагы, космостук технологияны экономика менен илимди алдыга жылдыруудагы, коопсуздук жана социалдык өнүгүүнү камсыздоодогу кызматташтыгын жөнгө салат.

Кызматташуу багыттарына: космостук тармактын ар кыл багыттарында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо; космос мейкиндигин, анын ичинде астрофизикалык, планеталык изилдөө жүргүзүү; космос аппараттарын, навигациялык системаларды иштеп чыгуу кирет.

Келишимдин алкагында Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен программаларды, космос боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, аны иш жүзүнө ашыра алат. Маалымат жана илим менен бөлүшүп, космостук аппараттарды учуруу жана башкаруу үчүн жердеги объектилерди жана системаларды колдоно алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости