www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызиндустрия» ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Коррупция иши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Кыргызиндустрияга» караштуу «Би Кей Медикеар» ишканасынын директору М.Т. жана дагы бир киши А.К.Х. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК «Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы президенти Жарасул Абдураимов баштаган адамдарды кармаган.
Атайын кызмат билдиргендей, «Кыргызиндустрияга» 2022-2024-жылдары бюджеттен 2,3 млрд сом бөлүнүп, ишкананын жооптуу адамдары туундуу компаниялар аркылуу акча кымыруу үчүн коррупцияциялык схема түзгөн.
2022-2024-жылга чейин «Кыргызиндустрияда» 40тан ашык чыгаша алып келген ишкана түзүлүп, каржыланган. Ошондой эле ал жакта жетекчилик кызматтар көп болгон: 75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчилик кызматты аркалаган. Аларга эмгек акы да көп төлөнүп, бул кызматтарга туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган
Жетекчилик жана ага жакындары бир эле учурда «Кыргызиндустрияда» жана туунду компанияларда иштеп, эки жактан тең айлык алып турган.
Буга чейин кармалгандар:
«Кыргызиндустрия» ААКнын мурдагы президенти Ж.О.А.
«Кыргызиндустрия» ААКнын мурдагы вице-президенти Б.Д.Б.
«Алай барстары» ЖЧКсынын мурдагы директору Б.К.У.
«Корпорация строй ресурс» ЖЧКсынын мурдагы директору М.Ы.А.